Биз жөнүндө

"Чырак" коомдук фонду Бишкек шаарында 2022-жылдан тарта "Болочок мугалим" долбоорун ишке ашырып келет.

Биздин миссия – Кыргызстанда жаш кесипкөй мугалимдерди даярдоо.

Адамзат цивилизациясынында баардык жакшылыктын башаты билимден башталат. Демек, мугалим үзгүлтүксүз билимге, ар тараптуу өнүгүүгө муктаж адис. Студентке билим гана бербестен, үлгүлүү, шыктандыруучу күчкө дагы ээ болушу керек. Ал эми ага профессионалдуу, руханий жактан жетилген адис гана жөндөмдүү.

 

Билим берүүдө мектеп имараты же компьютер эмес, мугалим башкы компонент! Билим берүү реформасы мугалим даярдоодон башталат. Мугалимдин статусун көтөрүү, мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүн мугалимдик кесипке тартуу, эркек мугалимдердин санын көбөйтүү , стем багыты боюнча мугалимдердин санын көбөйтүү жана педагогикалык жождорго кол кабыш кылуу максатында болочок мугалимдерди моралдык жана материалдык жактан колдогон долбоор.

Биздин стипендианттар ар ай сайын 8000 сом стипендия алышып , ошо менен бирге аларды кесиптик, тил жана жеке инсандык жактан өсүп жетилүүсүнө насаатчылык көрсөтүлөт.

РС 1034023100483142 
ОКПО 3155606
ИНН 00208202210291
БИК 103040

Максат

Мугалимдик кесипти мыкты өздөштүрүп, мектептерде сабак берем деген студенттерге колдоо көрсөтүп, алардын ар тараптуу, кесипкөй адис болушуна салым кошуу.

 

“Болочок Мугалим”
Стипендиялык программага кандидаттарды кабыл алуу этаптары жана мөөнөтү

“Болочок мугалим” стипендиялык программасына жаңы стипендианттарды кабыл алуу мөөнөтү.

2025-2026 окуу жылында конкурс  5-сентябрда башталат.

Документтерди онлайн кабыл алуу - 5-сентябрдан 20-сентябрга чеийн.
Интервью - 26-27-28 сентябрь
Жыйынтык - 30- сентябрь

Кабыл алуу критерийлери ⤵️

✅Педагогика факультетинде окуу
✅ОРТ баллы 140+
✅GPA 3.0
✅Бишкек шаарында жайгашкан вуздар
✅Активдүү студент

 

Долбоордун Окуу Программасы

  • 1. Кесиптик өнүгүү
    Предметтик билим, предметтик тест, иш тажрыйбасы, GPA 2 жылдын ичинде (окуунун биринчи жана экинчи жылында) стипендиаттар өтүлгөн темаларды мезгил-мезгили менен кайталап, дисциплинадагы бардык материалдарды толук өздөштүрүшү керек. 1 курс 1 семестр: 7-8 класстын темасы 1 курс 2 семестр: 9-класстын темасы 2 курс 1 семестр:10-класстын темасы 2 курс 2 семестр: 11-класстын темасы Предметтик билим берүүнүн аягында стипендиат 3 жана 4-курстарда практика өтүшөт. Стипендиат эки жыл бою мугалимдин жардамчысы катары квалификациясын жогорулатат.
  • 2. Жеке өнүгүү
    Китептер, семинарлар, тренингдер, онлайн курстар, жашоо күндөмдөрү. Китеп окуу, семинарларга катышуу жана онлайн курстарды көрүү инсандын калыптанышына таасирин тийгизет. Ай сайын белгиленген даталарда стипендиаттар бир китепти тандап окуп, ошол китеп боюнча тест тапшырышат. Кыргыз классикалык адабияты Жеке өнүгүү боюнча бестселлерлер Квалификацияны жогорулатуу боюнча атактуу адистердин эмгеги педагогика жана психология боюнча китептер
  • 3. Тил илими
    Англис тили
  • 4. Насаатчылык
    Ар бир топко студенттин бардык тапшырмаларын контролдоочу насаатчы дайындалат жана студентке багыт берилет. стипендиаттардын тапшырмаларын аткарылышын контролдойт; стипендианттарга кесиптик жана психологиялык колдоо көрсөтөт; ар кандай маселелер боюнча кеңеш берет долбоордун жүрүшүндө стипендиаттарды өнүктүрүү жана жылдыруу үчүн жооптуу маанилүү адис болуп саналат. Долбоордун ар бир этабында Насаатчы стипендианттарга толук колдоо көрсөтүп, максатка жетүү үчүн кеңешчи катары иштейт.

Биздин бүтүрүүчүлөр

Иш-чаралар

 

 

Бүтүрүрүү кечеси 2025
Бүтүрүрүү кечеси 2025
Биздин стипендиаттардын 2024-2025 окуу жылында 17 студент бүтүрдү. Алардын көпчүлүгү айыл жергесиндеги мектептерге ишке киришти.
И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде конокто
Жапаров С.Н.
Жапаров С.Н.
"Мугалим элдин авангарды. Мугалим коомдон бир нече кадам алдыда жүрүүсү зарыл" - Садыр Жапаров Мугалимдердин Республикалык Август педагогикалык форумуна карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мугалимдерге кайрылуусу. Жаңы окуу жылыбыз ийгиликтүү болсун!
Жазгы, кышкы лагерлер
Жазгы, кышкы лагерлер
Билим берүү лагерлери Интенсивдүү лагерлер жылына эки жолу өткөрүлүп, кесиптик жана жеке өнүгүүгө басым жасалат 2024-2025 жылы: кышкы лагерь Караколдо, жазгы лагерь Чолпон-Атада жана Алматыда өткөн.
Интелектуалдык оюндар
Интелектуалдык оюндар
Башка
Башка
OLOLO ERKINDIK
OLOLO ERKINDIK
Биздин команда
Байкоочу кеңеш
  • Дүйшөн Шаматов

    Дүйшөн Шаматов

    Назарбаев Университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору

  • Асылбек Жодонбеков

    Асылбек Жодонбеков

    билим берүү тармагындагы эксперт

  • Чынара Термечикова

    Чынара Термечикова

    психолог, Монтессори педагог

  • Айдай
Койчуманова

    Айдай Койчуманова

    физик-математик мугалими, илимдер Академиясынын жаш илимий кызматкери

 "Чырак" коомдук фондунун байкоочу кеңеши

Сын-пикирлер